<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>Dm</key>
<hymn_number>267</hymn_number>
<lyrics>[V1]
.Dm                           Gm
 Бүгүн мен таң эртеден Сага келип,
.A                        Dm
 Жолумда издериңди издебедим.
.Dm                       A
 Адашып каларымды ойлобой эч,
.                            Dm
 Айтууга сөзүм жоктой үндөбөдүм.

[V2]
 Кайсалап таппай калдым ошондуктан,
 Кай жакка багыт алып баратканым,
 Өзүңө бүт өмүрүм арнаймын деп,
 Умтулган максаттарым жаратпадым.

[V3]
 Ошондо мен Өзүңө келбей калып,
 Сөзүңө убактымды бөлбөй калып,
 Айласыз ара жолдо турганымда,
 Өзүң келдиң жүрөгүмдөн орун алып.

[V4]
 Келдиң да, абалымды айтып бердиң,
 Көрсөттүң менин эмне болгонумду.
 Сөздөрүңдү колума кармап жүрүп,
 Жүрөгүмдү жоготуп койгонумду.

[V5]
 Кастарлап кармап жүрбөй жүрөгүмө,
 Жөн эле чөнтөгүмө салыптырмын,
 Сөзүңө абдан муктаж экенимди
 Кенебей, сезбес болуп алыптырмын.

[V6]
 Кудайым, кечире көр, тобо кылам,
 Сөзүңдү жүрөгүмө салайынчы,
 Адашпай Сенин баскан издериңден,
 Артыңдан калбай ээрчип барайынчы.</lyrics>
<title>Бүгүн мен таң эртеден Сага келип РЫЖ267</title>
</song>